10.10.2018 11:22

Индияда эл ташыган поезд рельстен чыгып кетип, 7 киши курман болду

Индияда эл ташыган поезд рельстен чыгып кетип, 7 киши курман болду

Индиянын Рай-Барели шаарында жүргүнчү ташыган поезд рельстер чыгып кетти. Кырсыктан 7 адам каза таап, дагы 30дай адам жаракат алды, деп билдирет NDTV каналы. 

Темир жолдогу авариянын тасмасы социалдык тармактарда жарыяланды.

Жол кырсыгы бүгүн, 10-октябрда эртең менен болгон. Поезд Нью-Делини көздөй бара жаткан. Авариядан кийин бийлик темир жолду жаап койду. 

Каргаша 7 адамдын өмүрүн алып кетти. Расмий бийликтин билдиришинче, курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

Жаракат алгандарды жакын жайгашкан ооруканаларга жеткиришти. Кырсыктын себептери такталууда. Жеринде ыкчам кызматтар иштеп жатат.