04.05.2018 16:15

Индияда катуу бороон 125 адамдын өмүрүн алып кетти

Индияда катталган кумдуу бороондон 125 киши каза болуп, 200дөн ашуун адам жабыр тартканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Адамдардын өмүрүн алган шамалдын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга чейин жетип, турак жайларды кулатып, бактарды түп-тамыры менен жулуп кеткен.

Бороон түн ичинде болгондуктан, тургундардын көпчүлүгү эшикке чыкканга жетишпей, урандынын алдында калып каза болушкан.

Жергиликтүү бийликтин билдиргенине караганда, мындай бороон-чапкын акыркы жыйырма жылдан бери каттала элек болчу.

Каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүлүп, жабыр тарткандарга компенсация төлөнүп бериле турганы айтылууда.