24.05.2018 08:50

Индияда коркунучтуу вирус жуктуруп алган 9 адам көз жумду

Индияда коркунучтуу вирус жуктуруп алган 9 адам көз жумду

Индиянын Керала штатында Нипах вирусун жуктуруп алган тогуз киши көз жумганын Би-Би-Си кабарлады. Бул вирустун вакцинасы жок болгондуктан, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму анын жайылып кетишине тынчсызданууда. Адатта, вирусту жуктуруп алгандардын 70 пайызы көз жумат.

Көз жумган үч кишиден алынган анализ, бул адамдар дал ушул вирусту жуктуруп алганын аныктаган. Ал эми калган алтоо текшерилип жатат.

Дагы 25 киши ушул вирустун белгилери менен шектелип, индиялык Кожикоде шаарындагы ооруканага жаткырылган.

Нипах (NIV) вирусу эң кооптуу инфекциялык 10 илдеттин сап башында турат.

Керала штатынын Саламаттыкты сактоо министри Раджив Седанандан Би-Би-Сиге бейтапты караган медайым дагы көз жумганын билдирген. 

"Биз Пунадагы вирусология боюнча улуттук институтка болжолу вирус жуккан деген кишилердин анализдерин жибердик. Азырынча үч кишиден вирус аныкталганы тууралуу маалыматыбыз бар,-деди ал. Биз илдетти жайылтпоого аракет кылып жатабыз", -деген министр.

Нипах - жакында эле белгилүү болгон инфекция. Анын алып жүрүүчүлөрү - жарганат түлкүлөр. Алар мөмө-жемиш менен азыктанып, мөмө-жемиштен вирус  кишилерге жугат.

Оорунун симптомдору - дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, алсыздануу, дем алуу органдарындагы көйгөй, дезориентация. Бир суткадан кийин же эки күндөн соң оорулуу эс-учун жоготот.