15.11.2018 11:21

Индияда маймыл жаңы төрөлгөн баланы энесинен жула качып, өлтүрүп алды

Индияда маймыл жаңы төрөлгөн баланы энесинен жула качып, өлтүрүп алды

Индиянын Уттар-Прадеш штатында жапайы маймыл энеси эмизип жаткан бөбөктү жула качып, бала алган жаракаттарынан улам каза тапты деп жазат Times of India гезити.

Маалыматка караганда, жандык Агра шаарынын чет жагында жайгашкан үйгө кирип келген. Бул учурда үйдүн кожойкеси 12 күн мурун жарык дүйнөгө келген уулун эмизип отурган. Маймыл бөбөктүн мойнуна жармашып, энесинин колунан жулуп алып, көчөгө качып чыккан. 

Үйдөгүлөр аны артынан кубалаганда, жаныбар баланы кошуна үйдүн эшигинин алдына таштап, өзү качып кеткен. Бөбөктү дароо ооруканага жеткиришкен менен, ал каза болуп калган. Дарыгерлер бала мойнунан жана башынан оор жаракаттарды алганын тастыкташкан. 

«Бул менин жалгыз балам болчу. Анын өмүрү ушундай жол менен кыйылат деп эч качан ойлогон эмесмин», — деп билдирди баланын атасы.

Бул аталган аймактагы маймылдар адамдарга кол салган биринчи учур эмес. Эки ай мурун дал ушул райондо жаныбарлар жаңы төрөлгөн балага кол салып, ал учурда- ооруканада. 

Ал эми, 21-октябрда Тикри шаарында маймылдар 72 жаштагы карыяны кирпич менен уруп өлтүрүшкөн.