22.10.2018 16:33

Индияда маймылдар карыяны кирпич менен уруп өлтүрүштү

Индияда маймылдар карыяны кирпич менен уруп өлтүрүштү

Индиянын Уттап-Прадеш штатындагы Тикри шаарында 72 жаштагы кишини маймылдар тобу кирпич менен уруп өлтүрүп коюшту.  Бул туурасында Times of India гезитине таянып, «РИА Новости» агенттиги билдирди. 

Улгайган адам токойдо отун терип жүрүп, маймылдарга жолугуп калган. Жаныбарлар бактын башына отуруп алып, жакын жердеги кыйраган имараттан ташып келген кирпичтерди кишиге ыргытып башташкан. 

Каза тапкан адамдын бир тууганынын айтымында, карыяга 20га жакын кирпич тийип, ал башынан жана төшүнөн жаракат алып, анын кесепетинен ооруканада көз жумду.  

Кишинин үй-бүлөсү полицияга арыз менен кайрылып, бирок, тергөөчүлөр бул окуяны кокустан болгон кырсык деп атап, эч кандай чара көргөн жок. 

Басылманын маалыматына караганда, маймылдардын киши өлүмүнө алып келген кол салуусу өлкөнүн башка аймактарында да катталат. Мындай ишке алардын макак-резус деп аталган түрү көп барат.

Буга карабастан, индиялык салт боюнча маймылдар ыйык жандык деп аталып, бийликтин коргоосуна алынган.