02.04.2018 10:00

Индияда мейманкана урап адамдарды басып калды, курмандыктар бар

Индияда мейманкана урап  адамдарды басып калды, курмандыктар бар

Индиянын Индуар шаарында 4 кабаттуу мейманкана урап, жүздөгөн адамды басып калды. Урандыдан учурда 10 адам чыгарылып, алардын тогузу ооруканада көз жумду. Бир кишинин абалы оор бойдон калууда.

Жалпысынан отелде 25 бөлмө жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча урандынын алдында дагы жүзгө жакын киши калышы мумкүн. Айрым күбөлөрдун билдирүүсүндө мейманкана чоң ылдамдыкта келип, сүзүлгөн жүк ташуучу унаанын айынан толук кыйрап калган.

Бирок полиция бул билдирүүну азырынча ырастай элек. Издөө- тергөө амалдары уланууда.