04.12.2018 16:33

Индиянын түндүгүндө уйлар үчүн чыккан каршылык акциясында эки адам каза тапты

Индиянын түндүгүндө уйлар үчүн чыккан каршылык акциясында эки адам каза тапты

Индиянын түндүгүндө каршылык акциясынын жүрүшүндө эки адам каза тапты, алардын бири - укук коргоо органынын кызматкери. Бул туурасында бүгүн, 4-декабрда Al Jazeera билдирди. 

Нааразычылык акциясын уйлардын өлтүрүлүшүнө жаалданган айыл тургундары башташкан. Бир нече айылдарда 400 жүзгө чейинки адамдар көчөлөргө чыгышты. 

Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн айтымында, полиция кызматкери таш бараңга алынып өлтүрүлгөн, жергиликтүү тургун болсо, ок жеп каза тапкан. 

Эскерте кетсек, Индияда уй ыйык жаныбар болуп эсептелет, андыктан, ага карата бардык зомбулук жергиликтүү элдин арасында нааразычылык жаратат. Каршылык акциясынын чыгышына айылдыктардын бир нече уйдун этин таап алгандары себеп болгон.