11.09.2018 16:26

Индиянын түштүгүндө автобус жардан кулап, кырктан ашуун адам каза тапты

Индиянын түштүгүндө автобус жардан кулап,  кырктан ашуун адам каза тапты

Индиянын түштүгүндөгү Телингана штатында автобустун капчыгайга кулашынан ондогон адам каза тапты. Бул тууралуу Times of India гезити жергиликтүү бийликке таянып, билдирди. 

Бугүн, 11-сентябрь күнү эртең менен 62 жүргүнчүсү бар автобус  ашуу аркылуу белгилүү Кондагатту чиркөөсүнө сапар тартып бараткан.

Жолдун татаал тилкесине келгенде айдоочу рулду башкара албай калып, автобус бир нече ирет аласалып, жардан ылдый кулап кеткен. 

Курман болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат улам такталууда. Акыркы алынган маалыматтар боюнча, 45 адам - алардын алтоо балдар-  каза болуп, 18 адам жаракат алды. Калган жүргүнчүлөрдүн тагдыры белгисиз бойдон калууда. Кырсык болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатат. 

 
Видеону көрүү үчүн оңдогу тырмакчаны басыңыз (+18)