24.09.2018 17:25

Индонезияда 19 жаштагы улан 49 күн ачык деңизде жашоо үчүн күрөшкөн

Индонезияда 19 жаштагы улан 49 күн ачык деңизде жашоо үчүн күрөшкөн

Индонезияда 19 жаштагы уланды балыкчынын алачыгы менен кошо катуу шамал учуруп кетип, ал 49 күн ачык деңизде жашоо үчүн күрөштү. Бул тууралуу «Новости Mail.Ru» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Сулавеси аралында жашаган Алди Новел Адиланг 16 жашынан тартып, ата-энесине балык кармап сатууга жардамдашып келген.  

Анын милдети сууда калкып турма алачыктын жанындагы торго балыктарды азгырып келүү үчүн лампалардагы отту өчүрбөй карап туруу болгон. Бул - Индонезияда балык кармоонун салттуу ыкмасы. 

Калкыма алачык жээктен 125 чакырым алыс  коюлган. Жумасына бир жолу балага бирөө суу, тамак-аш жеткирип келип, кайра жаңы кармалган балыктарды алып кетип турган. Калкыма алачыктар суунун түбүнө аркан менен бекитилип, атайын калкытмактар менен карматылат. 

Июлдун ортосунда катуу шамал уланды алачыгы менен кошо деңиздин алыс жагына учуруп кеткен. Адилангдын бир нече күнгө гана жеткидей тамак-ашы болгон. Улан өтүп жаткан кемелердин бири тез эле аны байкап, сала кетет деген үмүт менен, тамагын үнөмдөп жеп, күн өткөргөн. 

Улан балык кармап, аны отко бышырып жеген. Отунду болсо, алачыктан чыгарып алып турган. Деңиз суусунун тузун азайтуу үчүн кийими аркылуу өткөрүп, анан ичкен. 

Мындай саякат 49 күнгө созулган. Бул убакыт аралыгында калкып бараткан алачыктын жанынан 10 кеме өткөн, бирок, бири да андагы уланга көңүл бөлгөн эмес. Акыры Панаманын желегин илген кеме гана Алдини байкап, кемеге тартып чыгарышкан.

Кеме капитаны Гуаманын жээктеги күзөтү менен байланышып, окуя тууралуу кабар берген. Кеме Японияга бет алганда уланды өлкөдөгү консулдук кызматкерлерине өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Алди 8-сентябрда үйүнө кайтып келди.