01.10.2018 10:00

Индонезияда диспетчер жүздөгөн жүргүнчүлөрдү сактап калуу үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалды

Индонезияда диспетчер жүздөгөн жүргүнчүлөрдү сактап калуу үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалды

Индонезияда 21 жаштагы авиадиспетчер Антониус Агунг учактын жүздөгөн жүргүнчүлөрүн сактап калуу үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалды. 7,4 баллдагы жер титирөө болуп жаткан маалда эр жүрөк жигит Сулавеси аралындагы Палу аэропортунун мунарасында болчу, деп жазат Daily Mail.

Агунг  «Batik Air» аба компаниясына таандык, бортунда жүздөгөн адам бар лайнер абага көтөрүлгүчө диспетчерлик мунараны таштап кеткен эмес. Ал эми, андан башка кызматкерлердин баары кыйроо коркунучунан имараттан чыгып кетишкен. Уча турган самолеттун жолунда терең жараңкалар пайда болгондуктан, диспетчер учкучтарга багыт берип турган. 

Жүздөгөн жүргүнчүлөр бар аба кемеси коопсуз жайга жеткенде, кеч болуп калган - мунара  урап баштаган. Агунг кыйрап жаткан имараттан чыгууга аракет кылып, акыры 4-кабаттын бийиктигиндей  жерден ылдыйга секирген. 

Ички органдары жабыркап, сөөктөрү сынган жигитти ооруканага жеткиришкен, бирок, эртеси ал каза тапты. Антониус Агунг бир айдан кийин 22 жашка толмок. 

Эскерте кетсек, Индонезияда катуу жер титирөө жана андан кийин болгон цунаминин  кесепетинен учурда 832 адам каза тапты.