15.01.2019 11:12

Индонезияда крокодил биолог аялды капасына сүйрөп кирип, тирүүлөй жеп алды (видео)

Индонезияда крокодил биолог аялды капасына сүйрөп кирип, тирүүлөй жеп алды (видео)

Индонезияда тамактандырып жаткан учурда крокодил биолог аялды тирүүлөй жеп салды. Бул туурасында Daily Mail басылмасы билдирди.

Каргашалуу окуя 11-январда эртең менен Түндүк Сулавеси провинциясынын Томохон шаарындагы лабораториялардын биринде болгон. 44 жаштагы Дизи Туво Мэрри аттуу крокодилдин капасына этти ыргытуу үчүн өтө жакын келип алган. Полиция кызматкерлеринин божомолуна караганда, 5 метрлик рептилия арты бутуна туруп, 2,5 метрге алдыга секирип, аялды өзүнүн капасына сүйрөп кеткен. 

Тувонун кесиптештери лабораторияга келгенде капастагы «кызыктай нерсе» көңүлдөрүн бурган. Көлчүктүн жээгинде жаткан крокодил оозунда аялдын денесин тиштеп турган. Алар дароо куткаруучуларды чакырып, денени алып чыгышкан. Мындан кийин крокодилди кармап, ветеринардык клиникага жеткиришти. Дарыгерлер анын ашказанын текшерип чыгышмакчы. 

Лабораториянын кызматкерлеринин айтымында, мурда Мэрри башка крокодилдерге кол салчу, бирок адамдарга жинденчү эмес. Аны такай жаңы эт, тоок жана тунец менен тамактандырып турушкан. Окумуштуулар ал ток болгондуктан, аялды толук жеген эмес деген божомолду айтышууда. 

Туво лабораториянын алдыңкы окумуштуусу болгон. Кесиптештеринин айтымында, аз сөздүү жана жаныбарларды сүйгөн адам болгон. 

Полиция азырынча лабораториянын жана крокодилдин ээси, кайсы бир япон ишкери менен байланыша албай жатат. Мекеме анын аты-жөнүн, дарегин билбейт. Ошондой эле, ишкерде крокодилди кармоого тийиштүү документтери бары-жогу белгисиз. Эгер уруксааты жок болсо, ишкерди кармашат.