08.10.2018 09:00

Индонезияда табигый кырсыктардан каза болгондордун саны 1,9 миңден ашты

Индонезияда табигый кырсыктардан каза болгондордун саны 1,9 миңден ашты

Индонезияда болгон жер титирөө, андан кийин орун алган цунамиден каза тапкандардын саны 1944 адамга жетти. Бул туурасында «Синьхуа» агенттиги билдирди. 

Маалыматта дагы 683 адам дайынсыз жоголгондугу айтылат.  

Эскерте кетсек, Индонезиянын Борбордук Сулавеси провинциясынын Дунгала районунда 28-сентябрда магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө болгон. Анын натыйжасында Сулавеси аралында цунами башталып, көтөрүлгөн суунун бийиктиги 2 метрге чейин жеткен. 

30-сентябрда саат 12:00гө карата каза тапкандардын саны 832 адамды түзгөн болчу. Ошондо эле курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылган.