06.08.2018 13:55

Индонезияда токсондон ашуун адам жер титирөөнүн курмандыгы болушту

Индонезияда токсондон ашуун адам жер титирөөнүн курмандыгы болушту

Индонезиянын Гили аралдарындагы жер титирөөдөн 91 адам каза таап, жүздөйү жаракат алды. Бул туурасында жергиликтүү бийлик бүгүн, 6-августта билдирди. 

Катуу зилзаладан жабыркаган аралдардан бардыгы тогуз жүзгө жакын адам чыгарылды. Бийликтин билдирүүсүнө караганда дагы 700 адам эвакуацияны күтүп жатат.  Табигый кырсыктан баарынан көп Ломбок аралы жабыркады. Жер силкинүүнүн күчү коңшу Бали аралында да сезилерлик болду.  

Миңдеген турак-үйлөр жана курулуштар кыйрап, курман болгондордун көбү урандылардын алдынан табылды. Жер титирөөнүн очогу Ломбоктун түндүк бөлүгүндө 10,5 чакырым тереңдикте орун алган.