31.10.2018 08:30

Индонезияда учактын кыйрашынын айрым жагдайлары белгилүү болду

Индонезияда учактын кыйрашынын айрым жагдайлары белгилүү болду

Индонезияда кыйраган «Lion Air» компаниясына таандык учак сууга тийгенде бөлүнүп кеткен. Эксперттер аба кемесинин сыныктарынан өрттөнүүнүн издерин таба алышкан жок, деп билдирет «Синьхуа» агенттиги.

Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдарга каршы туруу агенттиги дагы учак асмандан жарылышы мүмкүн деген божомолду четке какты. Бирок, азырынча, кырсыктын так себеби айтыла элек. 

Шейшемби күнү, 30-октябрда Индонезиянын полициясы авиакырсыктын курмандыктарынын ДНК-экспертизасына киришти. Суучулдар деңизден жалпысынан 10 сөөк алып чыгышты, ошондой эле 20 каптан ашуун дене бөлүктөр чогултулду. Алардын кимге таандык экенин аныктоо үчүн 15 эксперт-криминалист иштеп жатат. 

Эскерте кетсек, «Lion Air» компаниясына таандык Boeing-737 Max 8 жүргүнчү лайнери 29-октябрда Жакартанын аба майданынан учуп чыгып, кыйроого дуушар болгон. Асманга көтөрүлгөндөн 15 мүнөттөн кийин самолет радардан жоголуп кеткен. Аба кемеси индонезиялык Панкалпинанг шаарына бараткан. Учактын ичиндеги 189 адам тең каза тапкан.