03.10.2018 18:10

Индонезияда жер титирөө жана цунамиден кийин Сопутан жанар тоосу жанданды

Индонезияда жер титирөө жана цунамиден кийин Сопутан жанар тоосу жанданды

Индонезияда жер титирөө жана цунамиден кийин Сопутан жанар тоосу жанданды. Бул туурасында АР билдирди.

Жанар тоо бүгүн, 3-октябрда буга чейин жер титирөө жана цунами болуп өткөн индонезиялык Сулавеси аралында атып баштаган. Агенттиктин маалыматына караганда, кээ бир учурда күл 6 чакырымдык бийиктикке атылууда. Аралдын бийлиги азырынча элди көчүрө элек, бирок, жанар тоого жакын жайгашкан калк жашаган аймактарда коркунуч деңгээлин жогорулатышты. 

Жашоочуларга Сопутанга жакындабоо эскертилүүдө. Учактар менен тик учак экипаждары да күл коркунучу тууралуу маалымдалды.

Эскерте кетсек, 28-сентябрда Сулавеси аралында магнитудасы 7,4тү түзгөн зилзала болуп өткөн. Андан 1,2 миңге жакын адам каза тапканы айтылган.