13.08.2018 10:00

Индонезиядагы аба кырсыгынан бир өспүрүм аман калды

Индонезиядагы аба кырсыгынан бир өспүрүм аман калды

Индонезиянын Папуа провинциясында болгон аба кырсыгынан бир өспүрүм гана аман калды. Бул туурасында Assoсiated Press агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Pilatus PC-6 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу чакан учак Dimonim Air жеке компаниясына  таандык болгон. Самолет Папуа провинциясынын бир округунан башка округуна учуп чыккан. Абага көтөрүлгөндөн 40 мүнөттөн кийин учак радардан жоголуп кеткен. 

Кыйраган учак Оксибил районунун токойлорунун биринен табылып, андагы алты жүргүнчү жана эки экипаж мүчөсү каза тапканы аныкталды.

12 жаштагы өспүрүм гана тирүү калып, азыр дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатышканы айтылат.