01.10.2018 08:30

Индонезиядагы табигый кырсыктар 832 адамдын өмүрүн алып кетти

Индонезиядагы табигый кырсыктар 832 адамдын өмүрүн алып кетти

Индонезиянын Сулавеси аралында жер титирөөдөн кийинки цунамиден каза болгон адамдардын саны 832ге жетти. Бул тууралуу Табигый кырсыктардан алдын-алуу улуттук агенттигинин өкүлү Сутопо Нугрохого таянып, ТАСС жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, 30-сентябрда саат 12:00гө карата каза тапкандардын саны 832 адамды түздү. Курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

Табигый кырсыктын кесепетинен жаракат алып, турак жайсыз калган жарандардын так саны айтыла элек. Миңдеген имараттар, оорукана, соода борборлору да кыйраган. Ошондой эле чоң көпүрө кулап түшкөнү маалымдалды. Кырсык орун алган аймакка Индонезиянын президенти Жоко Видодо барды.

«Учурда талкаланган имарат, турак жайлардын санын тактаганга караганда талкаланбаган имараттардын санын айтуу жеңилирээк болууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, цунамиден көтөрүлгөн суунун бийиктиги 6 метрге чейин жеткен. Жер силкинүү учурунда көп адамдар имараттардын алдында калып кеткен. Жабыркагандардын саны көп болгондуктан дарыгерлер аларга оорукананын короосунда медициналык жардам көрсөтүүгө аргасыз болууда. Учурда чет өлкөлүктөрдөн Франциянын 3 жараны, Түштүк Кореянын бир жараны жана бир малайзиялык жаран дайынсыз болууда», - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Индонезиянын Борбордук Сулавеси провинциясынын Дунгала районунда  28-сентябрь күнү күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын натыйжасында Сулавеси аралында цунами башталып, көтөрүлгөн суунун бийиктиги 2 метрге чейин жеткен.