02.10.2018 09:00

Индонезиядагы жер титирөөдөн кийин 1,2 миң кылмышкер абактан качып кетти

Индонезиядагы жер титирөөдөн кийин 1,2 миң кылмышкер абактан качып кетти

Индонезиянын Сулавеси аралында болгон жер титирөө жана цунамиден кийин ал жактын абагынан 1,2 миң адам качып кетти. Бул тууралуу «Интерфакс» өлкөнүн Юстиция министри Шри Пугу Утамиге таянып, билдирди.  

«Мен алар жер титирөө учурунда өмүрлөрү үчүн кооптонуп, качып кетишти деп ишенем», — деди Утами.

Channel News Asia басылмасы абактагылар Палу шаарындагы эки түрмөдөн, Дунгала шаарындагы бир түрмөдөн качкандарын тактады. Алардын көпчүлүгү коррупция жана баңгизат сатууга айыпталып, камалгандар болчу. 

Ал эми, Jakarta Post сайтынын маалыматына караганда, Дунгаладагы абакта отургандардын качышына  - түрмө жетекчилигинин жер титирөө учурунда жабыркаган туугандарын издөөгө уруксаат бербей койгону себеп болгон. 

Эске салсак, Индонезиянын Борбордук Сулавеси провинциясынын Дунгала районунда  28-сентябрь күнү күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын натыйжасында Сулавеси аралында цунами башталып, көтөрүлгөн суунун бийиктиги 2 метрге чейин жеткен. Алдын-ала маалымат боюнча, 1,2 миң адамдын өлгөнү болжолдонууда.