17.08.2018 09:00

Индонезиядагы жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 460 адамга жетти

Индонезиядагы жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 460 адамга жетти

Ломбок аралында 5-августта болгон жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 460 адамга жетти. Бул туурасында «Синьхуа» агенттиги билдирди. 

Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына караганда, табигый кырсыктын кесепетинен 7,7 миң адам жабыркады, 72 миң турак үй, жүздөгөн мектеп жана ондогон ооруканалар  кыйрады.  

Аралдын 417 миң тургуну учурда дагы жер титирөө болуп кетүү тобокелдигинен улам, үйлөрүнө келбей, убактылуу лагерлерде баш калкалап жатышат. 

Буга чейинки акыркы жер титирөө мындан бир ай мурун болуп, андан 380 адам каза таап, миңден ашыгы жабыркаган.