30.11.2018 17:08

Индонезиянын түрмөсүнөн жүздөн ашык кылмышкер качып кетти

Индонезиянын түрмөсүнөн жүздөн ашык кылмышкер качып кетти

Индонезиялык Суматра аралындагы Ачех провинциясынын түрмөсүнөн аз дегенде эле 113 кылмышкер качып кетти. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди.

The Jakarta Post гезитинин маалыматына караганда, 28-сентябрь күнү камактагылар жердин силкинүүсүнөн улам Палу шаарындагы түрмө жетекчилигинен аларды бошотууну талап кылышкан.

Жетекчилик көнбөгөндө, 340тан ашуун кылмышкер козголоң чыгарып, имаратты өрттөп жиберишкен. Полициядан билдиришкендей, учурда тартип сакчылары 4 качкынды кармашты. Калгандарын издөө уланууда.