14.06.2018 10:36

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы жетекчиси канча айлык аларын жарыялады

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы жетекчиси канча айлык аларын жарыялады

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы өз кызматкерлеринин айлык маянасы тууралуу Жогорку Кеңеште айтылган сөздөрдү четке какты. Буга байланыштуу, ишканада кайсы кызматкер кандай маяна алаары тууралуу маалымат таратты.

Айтымдарында, ишкана жетекчиси  көп жыл эмгек кылгандыгы жана жашыруундук үчүн кошумча төлөмдөрдү кошкондо 50 миң 562 сом маяна алат. Анын орун басарларына эмгеги үчүн 40 миң сом төлөнөт.

Мамлекеттик каттоо номер белгилерин даярдоочу борбордун жетекчилиги колуна 29 миң 421 сом алса, адистер 21 миң 321 сом айлык акы алышат. 

Ошондой эле, «Мамлекеттик «Инфоком» ишканасы бюджеттен  каржыланбайт, тескерисинче, өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелет» деп жазылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттар «Инфоком» ишканасынын директорунун  айлык маянасы 240 миң сом, операторлордуку 150 миң сом экен деп нааразы болушкан.