27.05.2019 12:25

Интернеттен көргөн тасмага шыктанып. Бишкекте 3 жигит карактоого шектелип кармалды

Интернеттен көргөн тасмага шыктанып. Бишкекте 3 жигит карактоого шектелип кармалды

«Бишкек Петролеум» май куюучу жайына курал менен кол салгандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ билдирди. 

Май куюучу бекет тонолгону тууралуу маалымат милиция кызматкерлерине 20-майда түшкөн. Бул факт «Карактоо» беренеси менен бирдиктүү ресстрге катталган. 

Каракчылар кол кап менен иштешкендиктен, манжа издерин алууга мүмкүн болгон эмес.  Буга карабай, милиция кызматкерлери шектүүлөрдү кылмыштын изи сууй электе колго түшүрүштү. 

Алар 19-20 жаштагы үч бала болуп чыкты. Экөө -Нарын облусунун тургундары болсо, бирөө -Бишкектен. Алар жашаган жерди тинтүүгө алганда, колго жасалган мылтык жана 21 даана гильза табылган. Шектүүлөр Бишкек ШИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Окуянын чоо-жайы

Карактоо 20-майда Элебесов көчөсү №206А, дарегинде жайгашкан «Бишкек Петролеум» май куюучу жайында болгон. Таңкы бештерде май куюучу жайдын оператору эшиктин алдын тазалап коюу үчүн сыртка чыккан.

Май куюучу аппараттын жанында турганда, артынан бирөө келип бетке муштап баштаган. Кийин май куюучу бекеттин түндүк тарабына сүйрөп барып, дагы сабаган. Бир нече мүнөттөн кийин экинчиси келип, шеригине кошулуп, операторду бир нече жолу курсак тушка тепкен.

Алар үлгүсү аныкталбаган курал көтөрүп, бет капчан болушкан. Операторду сабаган соң, май куюучу жайдын ичине кирип, 7500 сомду алып, качып кетишкен. 

Кызыгы

Кармалгандар буга чейин айрым ЖМКларга чыккан «Супер арзан» дүкөнүнө болгон кол салуунун видеосун көрүп шыктанышып, бул кадамга барганын айтышкан.