25.09.2018 11:56

Интерпол издөө салган казак жараны Кыргызстандан кармалды

Интерпол издөө салган казак жараны Кыргызстандан кармалды

Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Кыргызстандан кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматта, ал бир катар өзгөчө оор кылмыш иштерин жасаганы үчүн Интерпол аркылуу изделип жатканы айтылат.

Буга чейин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине Кыргызстандын аймагында «Макс» аттуу адам жашырынып жүргөндүгү жана аны өзгөчө оор кылмыштарды жасагындыгы үчүн издөөдө экендиги боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын  жүрүшүндө жогоруда аты аталган адам 1979-жылы туулган Казакстандын жараны Ниязов Мурат экени аныкталган. 

Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 194, 367, 262-бренелеринде (талап кылуу, уюшкан кылмыштуу топту түзүү) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн М. Ниязов коңшу республиканын сотунун чечими менен 12 жылга  сыртынан эркинен ажыратылып, 2015-жылы Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Издөө салган тарап - Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети.

2018-жылдын 22-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин Тез чара көрүү атайын отрядынын колдоосу менен жүргүзгөн атайын операциянын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Ниязов Мурат кармалды.

Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалып, издөө салган тарапка маалымат жиберилди.