05.08.2019 10:56

Ирак абагында отурган кыргыз жарандарынын балдары күзүндө Кыргызстанга кайтарылат

Ирак абагында  отурган кыргыз жарандарынын балдары күзүндө Кыргызстанга кайтарылат

Кыргызстан Ирак жана Сириядан балдарды кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул туурасында Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Алар учурда Сириянын «Качкындар үчүн курд лагерлеринде» жана Ирактын  түзөтүү  мекемелеринде жаза  мөөнөттөрүн өтөп жатышат. Аларды кайтарып келүү боюнча иштер вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жетекчилигинин алдында аткарылууда. 

Сирия менен Иракка бара турган жумушчу топтун  мүчөлөрүнө Ирак визасы жана чартердик рейсти  уюштуруу маселеси  чечилген.  Мындан тышкары, Ирак мыйзамдарына ылайык, КР жарандарынын балдары визалык режимди бузгандыгына байланыштуу айып төлөө  маселесин  чечүү үчүн  кыргыз тараптан финансылык каражаттар такталды.

Азыркы тапта финансылык каражатты бөлүү боюнча  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн буйругунун долбоору каралып жатат.

Белгилей кетсек, Ирак мыйзамдарына ылайык жана ирак тараптын ички процедураларын эске алып, аталган жумушчу топтун мүчөлөрү  Ирактын Багдад шаарына ушул жылдын сентябрь айынын башталышында Ирактын түзөтүү мекемелеринде жаза  мөөнөттөрүн өткөрүп жаткан кыргыз  жарандарынын  балдарын  алып келүүгө бара турганы чечилди. Азыркы учурда сапарга чыгууга тиешелүү  даярдыктар  жүрүүдө.

Ал эми Сириянын “Качкындар үчүн  курд лагеринде” кармалып жаткан Кыргызстандыктарды  кайтарып  келүү  маселеси боюнча, Түркиядагы  КР дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси аркылуу Сириядагы качкындар үчүн курд лагерлерине кире алуучу Эл аралык уюмдарынын ресурстарын колдонууга, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сирияда жүргөн даректерин так аныктоого жана аларды  Кыргызстанга кайтарып келүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар  бүгүнкү  күндө  жүргүзүлүүдө. 

Бул маселе премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө турат.