08.01.2020 10:08

Иранда 180 жүргүнчү менен учак кыйрады

Иранда 180 жүргүнчү менен учак кыйрады

Ирандын борбору Тегеран шаарындагы аэропорттун жанында 180 жүргүнчү түшкөн учак кулаганы кабарланды. Бул тууралуу Ирандагы расмий жана жарым-жартылай расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учак аэропорттон көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган. Жарым-жартылай расмий «Fars» агенттиги жазгандай, кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болушу мүмкүн.

BBC «Боинг 737» үлгүсүндөгү учак Украинага таандык экенин жазып чыкты.

Учурда жүргүнчүлөр тууралуу так маалымат жок.