Коронавирус: Пакистанда дааватта жүргөн кыргыз жараны илдетке чалдыкты

Коронавирус: Пакистанда дааватта жүргөн кыргыз жараны илдетке чалдыкты

Бүгүн, 23-мартта дагы бир кыргызстандык коронавирус илдетине чалдыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ал кыргыз жараны Пакистанда дааватта жүргөнү белгилүү болду.

ТИМдин баштапкы маалыматына караганда, 57 жаштагы кыргыз жараны 60, 42 жана 24 жаштагы төрт мекендеши менен Пакистанда даават кылып жүргөн.

Бешөө тең ал жакта консулдук каттоого турган эмес, жардам сурап элчиликке кайрылган жок.

Оору табылган кыргызстандык учурда Исламабад шаарынын PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) ооруканасында жатат, калган төртөө карантинге алынды.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабаддын администрациясы менен байланышта турат.

Бул өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 800 кишиге жетти, бешөө каза болду.

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы адамдар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар - 6 эркек, 8 аял. 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды.