27.08.2018 09:30

Ирандагы жер титирөөдөн үч жүздөн ашуун адам жаракат алды

Ирандагы жер титирөөдөн үч жүздөн ашуун адам жаракат алды

Ирандагы жер титирөөдөн 2 адам каза таап, 300дөн ашууну жаракат алды. Бул туурасында өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына таянып, «Анадолу» агенттиги жазып чыкты. 

«Жер силкинүүнүн очогу жайгашкан Тазехабад районунда эки адам каза тапты, 310 адамдан кем эмеси жаракат алды», - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 26-августта Керманшах  иран провинциясында, Жаванруд шаарынан батыш тарапта магнитудасы 5,9га жеткен жер титирөө катталган.