Ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, из жашырган аял кармалды
Октябрь РИИБ кызматкерлери ири алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул туурасында Бишкек шаарынын ИИББнан билдиришти.
24-апрелде милицияга алдамчылык фактысы боюнча арыз түшкөн. Жабырлануучу өз арызында 2015-жылы Н. аттуу аял андан Чүй облусунун аймагынан жер тилкесин алып берем деп, 45 миң доллар алганын айтат. Кийин ал аял из жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча КР КК 166-беренеси менен (“Алдамчылык”) кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө 1971-жылкы Т.Н.аттуу шектүү кармалды.
Сот ага баш коргоо чара катары 2 ай камакта кармоо чечимин чыгарды. Тергөө жүрүүдө.
Сүрөттөгү аялдан жабыркаган жарандар болсо, төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылса болот: 0(557) 102-977, 0(550) 102-349, 0(552) 102-945.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: