05.11.2019 13:06

Ирина Карамушкина: Алмазбек Атамбаев Жээнбековдорду кечирүүгө даяр

Ирина Карамушкина: Алмазбек Атамбаев Жээнбековдорду кечирүүгө даяр

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны менен жолугушту. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында ЖК депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Анын айтымына караганда, УКМКнын Тергөө абагына аны менен кошо кесиптештери Асель Кодуранова менен Альфия Саммигулина барган. 

«Эркек депутаттардын көпчүлүгү Атамбаевдин убагында анын колдоосу менен көтөрүлсө дагы, келип, колдогондон коркуп жатышат», -деди эл өкүлү. 

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев классиканы көп окуп, спорт залга барып жатат.

«Эркек иши 63 жашка чыкса деле бир калыпта сакталыш керек деп ойлонуп баштаптыр», -деди депутат.

Карамушкина Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүнүн көп бөлүгү №1 Тергөө абагында отурган балдар тууралуу болгонун билдирди.

«Ал [Атамбаев] эгер күнөөсүн далилдей алышса, өзү отурууга макул, бирок балдардын баары бошотулушун каалайт. Алардын эмне күнөөсү бар? Алар экс-президентти ага карата мыйзамсыздыктан коргошкон, 8-август күнү көбү Кой-Ташка бийликтин кылмыштуу аракеттерине каршы туруу үчүн барышкан... Болду...Бул үчүн жоопкерчилик тартыш керекпи?

Жолугушуунун аягында абалды түшүнүп, колдоо сөздөрүн айтып жаткандарга, ошондой эле «апрелчилердин» үй-бүлөсүнө бата берди! Биздин көзүбүзчө ар бир үй-бүлөгө ден соолук, бейпилчилик, ал эми бийликке болсо ыйман, бирдиктүү аракет менен өлкөнү жана элди сактап, прогрессивдүү келечекке алып барууну тиледи. Бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирди. 

Баса, сөздүн аягында Жээнбековдорду кечирүүгө даяр экенин айтты»