27.05.2019 10:43

Ирина Карамушкина: Матраимовдор менен Жээнбековдордун байлыгын экспроприация кылуу керек

Ирина Карамушкина: Матраимовдор менен Жээнбековдордун байлыгын экспроприация кылуу керек

Матраимов менен Жээнбековдордун үй-бүлөлөрүнүн байлыгын экспроприация кылуу керек! Мындай оюн Жогорку Кеңеш депутаты, КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Ага-инилер ар дайым мамлекеттик кызматта иштеп келген, анан кайсы акчасына өлкө боюнча хансарайларды жана курулуш объектилерин салып жатышат? Эмне үчүн Чүй облусунун 110 гектар жери С.Ж. нын (Сооронбай Жээнбеков-ред.) менчиги болуп калган? Мен үч чакырылыштын  депутатымын, Сокулук районунда төрөлүп-өскөм, бирок 5 сотых жерим (эч кандай багы, бакчасы жок) жана бир үйүм бар, ал үйдө  эки баламдын үй-бүлөсү менен чогуу турам. Эч качан бир сотых жер сатып ала алган эмесмин, же басып алган эмесмин. Эми Жээнбеков,  Матраимов, Абылгазиевдер ( такталбаган маалымат боюнча анын Ысык-Көлдө 400 миң доллардык эки коттеджи бар экен) өз мүлкүңөрдү көрсөткүлө! Ушул адамдар эми мага эл үчүн, мамлекет үчүн иштеп жатып, кантип туура жана ак ниет жашаш керек экенине үйрөткүлөрү  келеби?» 

Маалымат үчүн: Экспроприация - ордун толтуруу же ордун толтурбастан эле мамлекет тарабынан менчиктин мажбурлоо менен алынып коюлушу.