22.08.2019 20:15

Ирина Карамушкина үй камагына алынды

Ирина Карамушкина үй камагына алынды

Бүгүн, 22-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкинанын бөгөт коюу чарасын аныктады.

Судья Абдуразак Боромбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири болгон депутатты 8-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды. 

Ирина Карамушкинанын жактоочусу Анвар Курмушиевдин айтымында, депутатка өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. 

«Ирина Карамушкина кечки саат 22:00дөн эртең мененки саат 6:00гө чейин үйдөн чыкпоого жана Чүй облусунун аймактарынан тышкары чыкпоого милдеттендирилди. Эгер кандайдыр-бир маселелер жаралса, тергөөчүлөр менен макулдашуу керек экен. Баш коргоо чарасын кароо процессинде чет өлкөгө чыкпоо тууралуу кагазга кол койдуруп алышты» -деп билдирди жактоочусу. 

Буга чейин Ирина Карамушкина 7-8-августта Кой-Ташта болгон тополоң боюнча күбө катары өтүп жаткан. Бүгүн эле Башкы прокуратура депутатты атайын операция учурунда спецназ жоокерлерин барымтага алууга шектеп жатканы маалым болгон. 

Бирок, Ирина Карамушкинанын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул башталганда, ал боз үйдө болгон. Кийин экс-президенттин үйү тарапка өтүп, эл менен спецназдын ортосуна түшүп, дарыгерлердин жаракат алгандарды алып чыгып кетишине жол ачып турган.