10.08.2018 13:10

Исанов көчөсүндөгү жарылуудан жабыркаган ишкер №4 ооруканага жеткирилди

Исанов көчөсүндөгү жарылуудан жабыркаган ишкер №4 ооруканага жеткирилди

Бишкек шаарындагы Исанов, 98а (Рыскуловдон жогору)  дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жанында жарылуу болду. Учурда үй милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, эч кимди кое бербей жатышат. УКМКнын саперлору үйдүн короосунда турган Lexus 570 унаасын текшеришүүдө. 

Милиция кызматкерлеринин айтымында, бул Россия жараны, ишкер Александр Гайдуковго кол салуу аракети болушу мүмкүн. Ага таандык унаанын алдында бир нерсе жарылган. Тартип сакчылар мындай жол менен ишкерди коркутууга аракет кылышкан деген ойдо. 

Учурда ишкер калаадагы №4 ооруканага жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен April.kg порталына билдиришкендей, абалы орточо оордукта.