19.02.2019 10:31

Ишкерди коркутуп, акча талап кылган чет элдик жаран кылмыш үстүндө колго түштү

Ишкерди коркутуп, акча талап кылган чет элдик жаран кылмыш үстүндө колго түштү

Ишкерди опузалап, андан акча талап кылган чет элдик жаран кармалды. Бул туурасында УКМК маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 15-февралында УКМК кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 3 миң АКШ доллар өлчөмдө акча каражатын алып жаткан учурунда КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны А.Ю. кармалды.

Такталгандай, кармалган адам уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, ишкерден 10 миң АКШ долларын талап кылган.

«Аталган факт боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 203- беренесинде «Опузалап пара талап кылуу» каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 2019-жылдын 16-февралында Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан А.Ю.га  карата убактылуу кармоочу жайына эки айга камоо баш коргоо чарасы каралды. Азыркы убакта ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатат», -деп айтылат маалыматта.