17.12.2018 12:45

Ишкердин 350 миң долларлык пансионатын алып койгон кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ишкердин 350 миң долларлык пансионатын алып койгон кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ири көлөмдөгү зыянга учураткан алдамчылык фактысы боюнча шектелген уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылы күзүндө укук коргоо органдарына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, С.М. аттуу жаран аны алдоо, коркутуу жолу менен,  аянты 6280 м2 турган, наркы 350 миң долларлык пансионатын ээлеп алганын айтып,тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Текшерүү учурунда, мурда жабырлануучу менен С.М. аттуу адам бизнести чогуу иштетүүгө байланышкан макулдашуу түзүшкөндүгү аныкталган.

2010-жылы жазында арыздануучу С.М.ден бизнести жүгүртүү үчүн 60 миң доллардан ашык акча каражатына бааланган бир нече автоунаа менен акча каражатын алган. Эки жылдан кийин
С.М. акча каражатын талап кыла баштагандыгына байланыштуу ишкер күрөөгө коюлган Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан пансионатынын башкы күбөлүгүн берген. Аныкталгандай, С.М. аттуу жаран жеке пайда табуу кызыкчылыгын көздөп, жогорудагы кыймылсыз мүлктү жакын тууганына
каттатып койгон.

2016-жылы ишкер өзүнүн карызын жабуу максатында баасы 125 АКШ доллары турган жалпы аянты 168,0 кв.м. түзгөн батирин ага берген. Бирок, шектүү ишкерди адаштырып, алдамчылык иш-аракетин жасап ири көлөмдөгү зыянга дуушар кылган. Карызын алган соң батирди башкага сатып, ал эми 2018-жылы ишкердин макулдугу жок  пансионатты  үчүнчү жакка сатып жиберген. Ал өзүнүн иш-аракети менен ишкерди 350 миң долларлык зыянга учураткан.

Тиешелүү чаралардын негизинде алдамчылыкка шектелген жаран кармалган. Кармоо учурунда шектүү баасы 100 миң доллар турган 2018 –жылкы “Лексус LX 570” үлгүсүндөгү автоунаада болгон.

ИИМдин маалыматына караганда, 45 жаштагы С.М. мурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси менен соттолгон жана криминалдык чөйрөдө “положенец” макамы менен таанымал болуп, өзгөчө оор кылмыш иши үчүн 30 жылга  эркинен ажыратылган криминалдык авторитеттин жакын тууганы болуп
эсептелинет.

Учурда ИИМдин Криминалдык милиция кызматы УКМК менен биргеликте кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.