Ысык-Ата курортунун дарыгери: Жаш теректердин баарын белгисиздер кыйып, жүктөп кетип жатышат

Ысык-Ата курортунун дарыгери: Жаш теректердин баарын белгисиздер кыйып, жүктөп кетип жатышат

Чүй облусундагы «Ысык-Ата» курортунда белгисиздер бак-дарактарды кыйып жатышат. Бул тууралуу April.kg порталына аталган курортто дарыгер болуп эмгектенген Майрамкүл Дүйшөналиева билдирди.

«Мен өзүм ушул жерде төрөлүп-өскөм. Бул жердеги бактардын көбүн менин ата-энем отургузган. Өз колум менен суу куюп чыккан күндөр болгон. Эми жапжакшынакай турган бактарды белгисиз бирөөлөр келип, четинен араалап, унаага жүктөп жатышат.  Чыдабай, «Эмне кылып жатасыңар, чиригендерди кыйбай, жаш теректерди кыйып жатканыңар эмне?» деп жандарына барсам, «экологдор белги салып кетишти, ошон үчүн кыйып жатабыз» дешти. «Сонун бактарга белги коюп кеткен экологуңардын фамилиясын айткылачы, мен өзүм сүйлөшүп такташайын» десем, «билбейбиз» деп айтышпайт», -дейт Майрамкүл Дүйшеналиевна.

Анын айтымында, бул боюнча курорттун директору Алчын Осмонгазиевге да кирген. Бирок, майнап чыккан эмес. «Эмнеге сонун-сонун бактарды кыйдыртып жатасыз десем, мага бул жердин топурагы ылайыксыз экен дейт. Эмне ага чейин келесоолор иштептирби бул жерде? Ал кишиге чейин бул жерде агрономдор иштеп, ушулардын баарын отургузган. Кийин менин угушумча, алар теректерди бир жеке менчик фирмага миллиондон ашык акчага сатып жиберишкен имиш. Кайсы фирма экенин да ачык айтпай жатышат.  Бул жакта иштегендерге нааразычылык билдирип чыгалы десем, эч кимиси унчукпайт. Коркушат. Жапжаш теректерди, эмен бактарын кыйып салышты. Чиригендери турат. Менин жүрөгүм чыдабай кетип жатат. Беш жылдан бери ушул, жыл сайын келип кыйышат.  Бактардын баарын сатып бүтүштү. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигине жазсак дагы, алар келип акча алышты окшойт, бир жумага жетпей кайра кетип калышты. Беш жылдан бери кыйылып жаткан бактардын ордуна бир тал отургузушкан жок. Мен эки айдан бери таблетка менен жашап калдым. Кимге кайрылып, бул көрүнүштү кантип токтотушту билбей турам. Үнүм президентке жетсе болот эле», -дейт жаны ачыган дарыгер.