28.12.2018 11:40

Ысык-Ата районунда таштанды чыгаруучу унаанын айдоочусу бир адамды өлтүрө сүзүп алды

Ысык-Ата районунда таштанды чыгаруучу унаанын айдоочусу бир адамды өлтүрө сүзүп алды

Ысык-Ата районунун Люксембург айылында таштанды чыгаруучу унаанын айдоочусу бир адамды өлтүрө сүзүп алды. Бул тууралуу April.kg порталына Чүй облустук ЖКККБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ 27-декабрда Люксембург айылынын Энгельс көчөсүндө болжол менен саат 15:00дө болгон. ЗИЛ-130 унаасындагы 28 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Анын кесепетинен 57 жаштагы эркек киши жеринде көз жумган. Жол тескөөчүлөрдүн айтымында, жүк ташуучу унаа жергиликтүү бийликке таандык, ал эми айдоочу Турак жай, коммуналдык чарбанын кызматкери. Ал  таштанды чыгарып жатып, артындагы адамды байкабай, унаасын артка айдаганы айтылат. 

Бул факт боюнча Ысык-Ата РИИБинде териштирүү иштери жүрүүдө. Унаа айып короого токтотулду. Айдоочу райондук милиция бөлүмүнө алынып келинди. 

Айыл тургундарынын айтымында, маркум спирт ичимдиктерин көп колдончу. Кырсык болгон күнү дагы мас болушу мүмкүн деген божомолду четке кагышпайт.