09.07.2018 09:33

Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында  Дүйшөнбек Байдөбөтов менен коштошуу зыйнаты өтөт

Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында  Дүйшөнбек Байдөбөтов менен коштошуу зыйнаты өтөт

Бүгүн Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында саат 10:00дө театр жана кино актеру Дүйшөнбек Байдөбөтов менен коштошуу зыйнаты өтөт. 

Кыргыз эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты, белгилүү кино жана театр өнөрпозу Дүйшөнбек Байдөбөтов 2018-жылдын 7-июлунда 69 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Залкар актёр 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусство институтун бүткөн соң, чыгармачылык жолун 1972-жылы Ош облустук драма театрынан баштаган. Андан кийин 1991-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгектенген.

Дүйшөнбек Байдөбөтов кыргыз элине  «Мен — Тянь-Шань!» тасмасында Ильястын, «Акбаранын көз жашында» Базарбайдын, «Токтогул» тасмасында Токтогулдун ролун жогорку деңгээлде аткарганы менен белгилүү.

Ал эми театр сахналарында Курманбек баатырдын, улуу акын Барпынын, коммунист Танабайдын, атактуу Отеллонун образдарын жогорку чеберчиликте аткарып, сахна өнөрүндө да кол жеткис бийиктикти багынта алды.

Акыркы 3 жылдан бери актер оору менен алышып келгени белгилүү. Артында 2 уул, бир кызы калды. 

Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында  Дүйшөнбек Байдөбөтов менен коштошуу зыйнаты өтөт.