12.03.2018 11:08
Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаев дүйнөдөн кайтты
Эл артисти Ашыр Чокубаев 11-мартта узакка созулган оорудан улам 71 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Ашыр Чокубаев 1947-жылы 4-декабрда төрөлгөн. Актерлук карьерасы 1968-жылы “Парижге жол” кыска метраждуу тасмага тартылуудан башталган. Баш-аягы Кыргызстандын жана Казакстандын 28 тасмасында роль жараткан.
Көрүүчүлөргө “Ак илбирстин тукуму”, “Курманжан Датка” жана “”Көчмөн” фильмдеринде жараткан образдары менен таанымал.
Эл артисти менен коштошуу зыйнаты 13-мартта 9.30да Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: