12.09.2018 17:50

Ысык-Атада аскер комиссариатынын кызматкери пара менен кармалды

Ысык-Атада аскер комиссариатынын кызматкери пара менен кармалды

Ысык-Ата аскер комиссариатынын кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматта: «Бүгүн, 12-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата аскер комиссариатынын аймагында 13 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган мекеменин Д.Б. аттуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына маалымдалып, териштирүү иштери жүрүүдө», -деп жазылат.