15.01.2019 18:00

Ысык-Атада окуучу кыз көз жарды. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө

Ысык-Атада окуучу кыз көз жарды. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы орто мектепте билим алган окуучу кыз көз жарды. Бул туурасында Чүй ОИИБден билдиришти. 

«2019-жылдын 11-январында жашы жете элек кыз аймактык ооруканада көз жарды. Ал кыз 2003-жылы төрөлгөн жана Ысык-Ата районунун тургуну болот. 16 жашка чыга элек. Бул факты боюнча кыздын апасы жана апасынын катышуусунда аталган кыз дагы суралды. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган кыз Ф. аттуу бала менен таанышкан. Кыздын айтымында, алар 2018-жылдын апрель айынан тарта, кайсы бир убакытта жашашкан. Арадан убакыт өтүп, бул бала чет өлкөгө иштегени кеткен. Кыз ошондо боюна бүтүп калганын билген», - деп айтылат маалыматта.

Бул факты «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине (он алты жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашуу жана жыныстык мүнөздөгү башка аракеттер) ылайык, иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган комплекстүү иш-чаралар көрүлүүдө. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки текшерүү жүрүүдө.