Ысык-Көл облусунда жааган кардан 2 миңден ашык кой кырылды
Жарандык коргонуу комиссиясы Ысык-Көл облусунда келтирилген материалдык чыгымды кошумча тактоо иштерин жүргүзөт. Бул туурасында ӨКМдин басма-сөз борборунан билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2018-жылдын 24-май күнү калың жааган кардын кесепетинен Тоң айыл аймагынын Коргонду-Булак айылынын Саз тилкесинде 137 кой, Төрт-Күл айыл аймагынын Темир-Канат айылынын Чоң-Таш, Ак-Таш, Чоң-Кайкы, Абыл-Аке тилкелеринде 7 уй, 103 кой, 1 жылкы өлгөн. Бардыгы болуп 1 жылкы, 7 уй, 240 кой-эчкилер өлгөн.
ӨКМдин Тоң райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, райондук Жарандык коргонуу комссиясы жана райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жерине барышкан.
27-май күнү 1 жылкы, 7 уй, 240 кой-эчкилер толугу менен көмүлгөн. Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 387 013 сомду түздү.
Ысык-Көл району. 24-май күнү калың жааган кардын кесепетинен Тору-Айгыр айыл аймагынан 20 жылкы, 33 уй, 282 кой, Тамчы айыл аймагынан 4 жылкы, 4 уй, 1200 кой, Чоң-Сары-Ой айыл аймагынан 8 жылкы, 1 уй, 379 кой, Кара-Ой айыл аймагынан 147 кой өлгөн. Бардыгы болуп 36 жылкы, 35 уй, 2061 кой-эчки өлгөн. Тамчы айыл аймагына 24-май күнү Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким - райондук Жарандык коргонуу башчысы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 40 куткаруучу 2 КамАЗ унаасы, Балыкчы шаардык № 19 АӨКБдан 21 куткаруучу, № 35 ӨКБдан 10 куткаруучу, № 32 ӨКБдан 15 куткаруучу, № 31 ӨКБдан 25 куткаруучу, № 33 ӨКБдан 5 куткаруучу, 2 Пикап, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч; Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 3 кызматкер; Жергиликтүү тургундардан 174 адам, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 2 Спринтер, 1 ГАЗ-53, 4 УАЗ, 1 Нива; Кытай “Лонхай” ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.
27-май күнү тартылган күч каражаттардын жардамында Тамчы айыл аймагынын Чок-Тал жайлоосунда 2 жылкы, 1 уй, 1024 кой-эчки, Кабырга жайлоосунда 5 жылкы, 15 уй, 621 кой жана Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жайыттарында 8 жылкы, 1 уй, 379 кой көмүлдү. Жалпы 15 жылкы, 17 уй жана 2024 кой көмүлгөн жана КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатынан 30 000 сом бөлүнүп, Өзгөчө кырдаал болгон жерде иш-чара жүргүзүп жаткан техникаларга күйүүчү май сатып алынып, куюлуп берилген.
Бүгүн, 28-май күнү өлгөн мал-жандыктарды көмүү иш-чаралары улантылат жана көмүлгөн мал-жандыктардын саны айыл өкмөтү тарабынан жалпыланып, такталат. Мындан сырткары Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан келтирилген материалдык чыгымды кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: