24.08.2018 11:04

Ысык-Көл облусунда 23 жаштагы жигит сууга чөгүп каза болду

Ысык-Көл облусунда 23 жаштагы жигит сууга чөгүп каза болду

Ысык-Көл облусунда 23 жаштагы жигит сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1995-жылы туулган Ш.у.К. аттуу жигит сууга чөгүп кеткен.  ӨКМнын № 31-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, маркумдун жансыз денеси  табылды.

Кырсык 23-августта Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында болгон.