26.02.2019 10:28

Ысык-Көл облусунда 57 жаштагы киши ири көлөмдөгү баңгизаты менен кармалды

Ысык-Көл облусунда 57 жаштагы киши ири көлөмдөгү баңгизаты менен кармалды

Ысык-Көл облусунда 57 жаштагы киши ири көлөмдөгү баңгизаты менен кармалды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 19-февралда Ысык-Көл жана Нарын облусунун  милиция кызматкерлерине Ысык-Көл районунун аймагында эркек киши үйүндө ири көлөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөнү жана аны сатууга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.  

Бул маалымат бирдиктүү реестрде катталып, 267-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Анын алкагында баңгизатынын партиясын сатууга ниеттенип жаткан адамдын өздүгүн аныктоо тапшырмасы берилген. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ал Чоң-Сары-Ой айылынын 57 жаштагы тургуну А.Замирбек экени белгилүү болгон. Ал киши буга чейин бир нече жолу мал уурдаганы үчүн соттолгон.  

Шектүүнү кылмыш үстүндө кармаш үчүн милиция кызматкерлери сатып алуучу катары ал киши менен байланышып, жолугуучу жерди белгилешкен. Ал жерден ширенке кутусуна салынган 550 грамм гашишти сатууга алып келген жеринен колго түштү. 

Үйүн тинтүү учурунда капка салынган 8 кг 100 грамм марихуана табылган. Андан сырткары баңгизаттарын даярдоого багытталган колго жасалган жабдык табылып, алынган.  

Кармалган адам Ысык-Көл районунун ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Райондук сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.