13.08.2018 09:49

Ысык-Көл облусунда бир жуманын ичинде 21 мас айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунда  бир жуманын ичинде   21 мас айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунун аймагында 6-12-август аралыгында бардыгы болуп 14 жол кырсыгы катталды. Бул  өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 6 учурга аз. Бул туурасында облустук ИИБ маалымат кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 28 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан, анын ичинен үчөө- жаш өспүрүмдөр болгон.  Ал эми, өткөн жылда болсо 9 адам каза болуп, анын ичинен 2 жаш өспүрүм, 49 адам жаракат алышкан, анын он алтысы жаш өспүрүм болуп саналат.

Жол коопсуздугун сактоого тартылган күчтөрдүн аракети менен 1425 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, анын ичинен 21 айдоочу автоунааларын мас абалында башкаргандыгы үчүн токтотулган. Бардыгы болуп айып төлөнүүчү жайга 40 автоунаа киргизилди. Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 330 миӊ 500 сом административдик айып салынды.