16.05.2019 13:00, Аман Бакиров

Ысык-Көл облусунда Дамир Мусакеевди колдогон митинг өтүп жатат (видео)

Ысык-Көл облусунда Дамир Мусакеевди колдогон митинг өтүп жатат (видео)

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында бүгүн, 16-майда мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан Дамир Мусакеевди колдоо боюнча тынч митинг өтүп жатат. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы Аман Бакиров билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 12:00дөн 15:00гө чейин уланат. Болжол менен 500 адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Дамир Мусакеевдин атасы уулуна козголгон кылмыш иши негизсиз экенин билдирди. «Азыр биздин үй-бүлөнү кысмакка алып жатышат. Дамирден кийинки уулумдун эки жогорку билими бар эле.  Каржы полициясында иштечү. Бир жыл мурун аны да куугунтуктап, кызматынан бошотуп коюшкан. Мени интернетте «кароолчу экен, айлыгы 5 миң сом экен» деп жазып чыгышты. Менин өзүмдүн чарбам бар, жүздөй коюм бар, 10-15 жылкым бар. Керек болсо, неберелериме да үй алып коёюн деген пландарым бар», -деди Сагындык Мусакеев.

Чогулгандардын арасынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев чыгып сөз сүйлөдү.  «Азыркы бийликтин уяты жок. Бизде коррупция менен күрөш болбой эле, саткандардын сатпагандар менен күрөшү болуп жатат. Дамирди текшергендей, эмнеге Райымбек Матраимовду текшербейт? Алты ай болду мына, аны казбай эле турушат. Бул бийликтин көзүнө  кудалары менен туугандарынан башка эч ким көрүнбөй калды. Асылгандары эле Атамбаев, Мусакеев, анан ортодо кылаарга иши калбай калса, мага асылышат. Эгер Дамир Атамбаевди сатып кетсе, эбак эле генерал болмок», -деп билдирди Мискенбаев. 

Эскерте кетсек, 8-майда Башкы прокуратура Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Мусакеевге «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Аны 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпташкан. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.

10-май күнү Мусакеев  кабарчылар үчүн пресс-тур уюштуруп, өзүнө жана бир туугандарына таандык жер тилкелериндеги үйлөрдү көрсөтүп чыккан. Жана ата-энеси, бир туугандарынын болгон мүлкү 5-6 миллион сом болушу мүмкүн экенин, анын ичинен 500-600 миң сомдук мүлк гана ага тиешелүү экенин билдирген. 

Буга чейин 2019-жылдын февраль айынын башында Башкы прокуратура Дамир Мусакеевди УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптаган.