14.08.2018 17:16

Ысык-Көл облусунда эки бала каналга түшүп кетти. Издөө иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунда эки бала каналга түшүп кетти. Издөө иштери жүрүүдө

Куткаруучулар Ак-Суу районунда каналга түшүп кеткен 2 баланы издеп жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

2018-жылдын 14-август күнү, алдын ала маалымат боюнча Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы каналга 2 бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине ӨКМден 7 куткаруучу, ИИМден 31 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылып, жалпы 51 адам издөө иштерин жүргүзүп жатат.