06.06.2019 13:42

Ысык-Көлдө эки бала муздаткычта калып, каза табышты

Ысык-Көлдө эки бала муздаткычта калып, каза табышты

Ысык-Көл облусунда эки кичине бала муздаткычтын ичинде калып, тумчугуп каза табышты. Бул маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 3-июнь күнү Түп районунун Михайловка айылында болгон. 

«Ата-энесинин айтымында, балдар короодо эле ойноп жатышкан. Болжол менен 11:55 чамасында үндөрү угулбай, өздөрү көрүнбөй калганынан тышка чыгып издешиптир. Өздөрү таппай, тилкелик милиция кызматкерине кайрылышат. Кечке  чейин чогуу издеп табышпайт. Кечки саат 17:00 чамасында үйлөрүнө келип, короодогу эски «Мир» деген муздаткычты ачып карашса, эки бала тең ичинде тумчугуп калышыптыр. Ал муздаткыч ичинен ачылбай турганы аныкталды», -деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБден.

Балдар алты жана төрт жашта болгону айтылат.

Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.