24.01.2019 14:57

Ысык-Көл облусунда мектеп окуучусунун өз жанын кыюусуна эмне себеп болгону иликтенүүдө

Ысык-Көл облусунда мектеп окуучусунун өз жанын кыюусуна эмне себеп болгону иликтенүүдө

Ысык-Көл облусунда мектеп окуучусунун өз жанын кыюусуна эмне себеп болгону иликтенүүдө. Бул туурасында Ысык-Көл облустук ИИБ маалымат кызматынан билдиришти.

«Бүгүн бир катар ЖМКларда Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында 14 жаштагы бала муунуп өлгөнү тууралуу маалымат тарады. Буга чейин Ак-Суу РИИБге жашы жете элек баланын өлүмү тууралуу эч кандай арыз же билдирүү түшкөн эмес. Мындан улам, райондук милиция бөлүмүндө бул факт катталган жок эле.  ЖМКларга чыгып кеткен маалыматты тактоо үчүн Ичке-Жергез айылына Ысык-Көл ОИИБ жана Ак-Суу райондук ички иштер органынын жетекчилиги жана  ыкчам-териштирүү тобу барды. Айыл тургундарынан сураштырууда 22-январда 15 жаштагы мектеп окуучусу өзүн өзү өлтүргөнү анык болду. Бүгүн, 24-январда аны жерге берүү зыйнаты өтүп жатыптыр», - деп жазылат маалыматта.

Учурда милиция кызматкерлери өспүрүмдүн өз жанын кыюусуна эмне себеп болгонун териштирип жатышат.  Андан сырткары, маалымат агенттиктердин биринде жарыяланган маркумдун ата-энесинен милиция кызматкерлери акча талап кылган деген билдирүү да такталып жатат.

«Маалымат агенттиктердин бири маркумдун айылдашынын «Каза тапкан бала мурда достору менен чогуу ошол эле мектепте 10-класста окуган баланы сабап койгондуктан, милиция кызматкерлери анын ата-энесинен 7 миң сом акча сурап жатышкан» деген сөзүн таратты. Учурда жетекчиликтин тапшырмасы менен бул маалымат текшерилүүдө», -дешет облустук милициядан.