10.08.2018 11:42
Ысык-Көл облусунда уу коргошунга ууланган 3 бала ооруканага жаткырылды
Ысык-Көл облусунда 3 бала уу коргошунга ууланып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу April.kg порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 9-август күнү болгон. Түп районундагы Ак-Булак айылында жашаган 25 жаштагы аялдын толгоосу келип, Караколдогу төрөт үйүнө кеткен. Ал Күрмөнтү айылында жашаган апасына 3 жана 4 жаштагы балдарын таштап кеткен. Ал үйдө дагы бир 9 жаштагы өспүрүм болгон.
«Чоң энеси башка иштер менен алаксып жүргөндө балдар бөтөлкөдөгү суюктукту таап алышкан. Алар шире экен деп ойлоп ичип алышкан. Натыйжада ууланышып, Түп райондук ооруканасына жеткирилди», — деп жазылат маалыматта.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: