28.05.2018 11:29

Ысык-Көл облусунда жааган кардан 2 миңден ашык кой кырылды

Ысык-Көл облусунда жааган кардан 2 миңден ашык кой кырылды

Жарандык коргонуу комиссиясы Ысык-Көл облусунда келтирилген материалдык чыгымды кошумча тактоо иштерин жүргүзөт. Бул туурасында ӨКМдин басма-сөз борборунан билдиришти. 

Ысык-Көл облусунун  Тоң районунда 2018-жылдын 24-май күнү калың жааган кардын кесепетинен  Тоң айыл аймагынын Коргонду-Булак айылынын Саз тилкесинде 137 кой, Төрт-Күл айыл аймагынын Темир-Канат айылынын Чоң-Таш, Ак-Таш, Чоң-Кайкы, Абыл-Аке тилкелеринде 7 уй, 103 кой, 1 жылкы өлгөн. Бардыгы болуп 1 жылкы, 7 уй,  240 кой-эчкилер өлгөн.

ӨКМдин Тоң райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, райондук Жарандык коргонуу комссиясы жана райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жерине барышкан.

27-май күнү 1 жылкы, 7 уй, 240 кой-эчкилер толугу менен көмүлгөн. Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 387 013 сомду түздү.

Ысык-Көл району. 24-май күнү калың жааган кардын кесепетинен Тору-Айгыр айыл аймагынан 20 жылкы, 33 уй, 282 кой, Тамчы айыл аймагынан 4 жылкы, 4 уй, 1200 кой, Чоң-Сары-Ой айыл аймагынан 8 жылкы, 1 уй, 379 кой, Кара-Ой айыл аймагынан 147 кой өлгөн. Бардыгы болуп 36 жылкы, 35 уй, 2061 кой-эчки өлгөн. Тамчы айыл аймагына 24-май күнү Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким - райондук Жарандык коргонуу башчысы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 40 куткаруучу 2 КамАЗ унаасы, Балыкчы шаардык № 19 АӨКБдан 21 куткаруучу, № 35 ӨКБдан 10 куткаруучу, № 32 ӨКБдан 15 куткаруучу, № 31 ӨКБдан 25 куткаруучу, № 33 ӨКБдан 5 куткаруучу, 2 Пикап, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч; Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 3 кызматкер; Жергиликтүү тургундардан 174 адам, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 2 Спринтер, 1 ГАЗ-53, 4 УАЗ, 1 Нива;  Кытай “Лонхай” ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

 27-май күнү тартылган күч каражаттардын жардамында Тамчы айыл аймагынын Чок-Тал жайлоосунда 2 жылкы, 1 уй, 1024 кой-эчки, Кабырга жайлоосунда 5 жылкы, 15 уй, 621 кой жана Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жайыттарында 8 жылкы, 1 уй, 379 кой көмүлдү. Жалпы 15 жылкы, 17 уй жана 2024 кой көмүлгөн жана КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатынан 30 000 сом бөлүнүп, Өзгөчө кырдаал болгон жерде иш-чара жүргүзүп жаткан техникаларга күйүүчү май сатып алынып, куюлуп берилген.

Бүгүн, 28-май күнү өлгөн мал-жандыктарды көмүү иш-чаралары улантылат жана көмүлгөн мал-жандыктардын саны айыл өкмөтү тарабынан жалпыланып, такталат. Мындан сырткары Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан келтирилген материалдык чыгымды кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.